Аламүдүн суусуна кызын куткарууга түшүп кеткен аялдын сөөгү табылып, наристе изделип жатат
Поделиться в:
Аламүдүн суусуна кызын куткарам деп артынан түшүп кеткен аялдын сөөгү табылып, наристе изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Бүгүн, 19-июлда таң эрте Аламүдүн суусунда издөө иштерин улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 22 куткаруучу чыкты.
Эскерте кетсек, 18-июлда "12 каминов" эс алуу жайында С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-ж.т. А.Э. аттуу аял киши сууга түшүп кеткен.
“Кечээ куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кыз табылган эмес. Учурда издөө иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет”, -деп жазылат маалыматта.
Добавить комментарий ×