Аламүдүн районунда жол кырсыгынан эки адам жабыркады

28 сентябрь 2020 10:35 918 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунда айдоочу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 27-сентябрда Аламүдүн районунда саат 07:00 Таш-Мойнок айылында Субару-Форестер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам (эркек, аял) жабыркаган. КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды ооруканага алып кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-zhol-kyrsyktan-eki-adam-zhabyrkady



Добавить комментарий