Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

22 октябрь 2020 13:44 11604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Бүгүн, 22-октябрь күнү саат 04:22 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Араш айылында киши өлтүрүү фактысы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча дароо ыкчам-тергөө тобу чыккан. 

Барган учурда төмөнкүлөр белгилүү болгон: кечээ, 21-октябрь күнү 65 жаштагы үйдүн ээси өгөй баласы менен спирт  ичимдигин ичип отурган маалда пикир келишпестик жаралып, натыйжасында үйдүн ээсин балта менен бир нече жолу чаап жиберген. Алган жаракаттарынан 65 жаштагы жаран дароо каза болгон.

 Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталган. Ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 30 жаштагы С.К. кармалып,  убактылуу кармоочу жайга каммакка алынган. Учурда зарыл болгон тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө   амалдары уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-kishi-ltrg-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий