Жаш кызды тоноп, март айынан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

25 август 2020 11:40 1082 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

12-мартта болжол менен саат 03:10 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аял киши дене жаракаттары менен ооруканалардын бирине амбулатордук түрдө кайрылып кеткени кабарланган. Бул маалымат боюнча РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, жогорудагы факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын жазык кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча катталган. 

Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында жабырлануучу аял кишинин өздүгү аныкталып, 21 жаштагы Октябрь айылынын жашоочусу С.Г. экендиги аныкталган. Ал ички иштер органдарына арыз жазып, 11-мартта болжол менен саат 22:00 чамаларында чала тааныш бала эч себепсиз денесине залал келтирип, 5500 сом акчасын жана “Деу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. 

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө буга чейин катталган материал КРнын жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) беренесине которулган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан буга чейин бир нече жолу соттолгон 32 жаштагы М.Ф. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-karakchylykka-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий