Алайда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

28 сентябрь 2020 10:37 263 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Алай районунда жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бүгүн, 28-сентябрда саат 02:32де сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Ссылка: https://barometr.kg/alajda-kch-3-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий