Алай - Туран жолдоштук беттеши тең чыгуу менен аяктады
Бүгүн Оштун Кара-Суу районундагы «Манас» стадионунда Оштун "Алай" футболдук клубу Өзбекстандын Ферган облусунун "Туран" командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Бул тууралуу Алай клубунун ЖМКлар боюнча менеджери Кубанычбек Ураимов barometr.kg сайтына билдирди. Достук беттеш 1 – 1 тең чыгуу менен аяктады.
Анын айтымында, бул оюн Азия футбол Конфедерациясынын Кубогунун тандап алуу турунун алкагындагы беттешке даярдык болуп саналат.
Эске сала кетсек, 20-февралда өлкөнүнү 2017-жылдагы чемпиону Оштун Алай клубу өз талаасында Түркмөнстандын «Ахал» командасын кабыл алат.
Команданын жетекчилиги күйөрмандарды Алайды сүрөөнгө алууга чакырууда.
Ссылка: https://barometr.kg/alaj-turan-zholdoshtuk-betteshi-te-chyguu-menen-ayaktady
Добавить комментарий ×