Ала-Букада тергөөчү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн, 14-июнда саат 09:40 чамасында Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатып кармалды.
“Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын ыкчам коштоосунда Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү А.А. арыз ээсине карата сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча маселелерди оң чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндүгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Жогорудагы акча каражаттар А.А.нын автоунаасында табылды”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-bukada-tergch-100-mi-som-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy
Добавить комментарий ×