Ала-Букада 10 баш кой-эчки селге агып кетти

7 май 2021 11:24 701 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ала-Буканын жашоочусунун малын сел алып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 6-майда Ала-Бука районунда саат 19:00 чамасында 1-Май айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен 1-Май айылынын Кара-Үңкүр сайынан келген сел суулары М. Чыналиев аттуу жаранга таандык 10 баш кой-эчкини агызып кеткен. Турак үйлөр жана эгин талаалар жабыркаган эмес.

Жерине КР ӨКМнин Ала-Бука райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана  1-Май айыл аймагынын кызматкерлери тартылды. 6-май күнү тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-bukada-10-bash-koj-echki-selge-agyp-ketti



Добавить комментарий