Ала-Арча суу сактагычынан аял кишинин сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын Аламүдүн районунда куткаруучулар Ала-Арча суу сактагычынан болжол менен 30-35 жаштар чамасындагы аялдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, аял 15-сентябрь күнү саат 15:35 чамасында сууга кулап түшкөн.
Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар чөгүп кеткен аялдын сөөгүн табышты.
Учурда анын өздүгү такталууда.
Каза болгон аялдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-archa-suu-saktagychynan-ayal-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×