Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Спортчу Японияда кечээ, 2-августта 77 кг салмакка чейинки категорияда турнирге катышкан. Баардыгы болуп 16 спортчу 1/8 финалында беттешкен. Махмудовдун биринчи атаандашы Тунистен келген Маафи Ладжед болду, аны кыргызстандык 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга аттанган.
1/4 финалда Махмудов Азербайжандын балбаны Рафиг Хусейнов менен беттешти. Аны да 9:1 эсебинде жеңип алып, жарым финалга жолдомо алды.Финалга чыгарда кыргыз балбаны Армениянын балбаны Карапет Чалян менен кармашып, 6:2 эсебинде жеңген.
Бүгүн, 3-августтагы чечүүчү кармашта кыргызстандык Европанын азыркы чемпиону, Лондондогу Олимпиада оюндарынын вице-чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринц менен күрөшүп, утулуп калды.
Жыйынтыктоочу протокол боюнча Махмудов 2-орунду ээлеп, Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болду.
Бул медаль Кыргызстан үчүн 13 жылдан берки Олимпиада оюндарында уткан алгачкы медаль.
Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudov-olimpiada-oyundarynda-kmsh-medal-uttu
Добавить комментарий ×