Акын жана радиожурналист Тенти Орокчу уулу каза болду

15 апрель 2021 18:04 1199 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Акын, радиожурналист Тенти Орокчу уулу каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Тенти Орокчу уулу 83 жаш курагында кече, 14-апрелде дүйнө салган. Ал Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Даңк" медалынын ээси, акын, котормочу жана ардагер радиожурналист катары коомчулукка таанымал болгон. 

Тенти Орокчу уулу Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда туулган.

1963-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пржевльск педагогикалык институттун аяктаган. 1963–1965-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965-1969-жылдары «Мугалимдер газетасында», 1969–1973-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясында (КСЭ) илимий редактор, 1973 –2002-жылга чейин, Кыргыз Республикасынын телерадио комитетинде иштеген.

Тенти Орокчу уулунун 1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» аталышындагы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. 

Чыгармачылыктан тышкары казак жазуучусу А.Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» повестин жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен кыргыз тилине которгон.

1991-жылы радиожурналист Тенти Орокчу уулунун кыргыздын белдүү акын, жазуучулары менен өткөзгөн радио маектери өзүнчө том болуп жарыкка чыккан.

Анын кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радио очерктер, радио композициялар, радио эсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радио маектери  болуп 3500гө жакын уктуруулары даярдалган. Алардын 200 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин Алтын казынасына сакталып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/akyn-radiozhurnalist-tenti-orokchu-uulu-kaza-boldu



Добавить комментарий