Акылдуу айымдын сырларын биле жүрүңүз

1 декабрь 2022 08:10 5735 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ар бир үй - бүлөдө,  аял затынын үйдөгү  аба - ырайын жагымдуу кылыш үчүн, өзүнүн сырлары болот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Ошентсе да ынтымактуу үй - бүлөлөрдөн болуу үчүн , төмөндөгү 7 сырды биле  жүрүңүз:

1. Жолдошуңа эмне кааларыңды, эмнеге ага таарынып калганыңды же маанайың эмнеге түшүп турганын  айта жүр. Себеби эркекке жеткиликтүү айтпай эле, ичинен бушайман болуу,  туура эмес.

2. Жолдошуңду сенин тууган - туушканынды, жакындарынды , курбуларыңды жакшы көрүп, алар менен бирге болууну талап кыла бербе.

3. Көбүрөөк жолдошуң менен кучакташып, өбүшүп тур.

4. Жатаарда түрдүү үй- бүлөгө байланыштуу көйгөйлөрдү айтып, “ разборканы” баштаба. Себеби күн кандай жакшы өтпөсүн, жатаар алдындагы тирешүү, түшүнбөстүктөр болсо, ал күн ошону менен гана эсте калат.

5. Өтүп кеткен жолдошуңдун жаңылыштыктарын дайыма эскертип, сен баягыда ушундай кылбадың беле, дебедиң беле? - деп өткөндү козгой бербе.

6. Жолдошун менен чогуу болууга же чогуу бир нерсе жазап, сүйлөшуп кобурашканга  убакыт бөл. Балким телевизор көрөсүңбү же башка иш кыласыңбы, чогуу болуп, жакындыкты сезип туруу керек.

7. Сага кылган жардамы, иштери үчүн  көбүрөөк рахмат айтып тур. Ошондо жолдошуңдун  көңүлү көтөрүлүп , сен үчүн андан да көптү кылууга даяр болот.


Ссылка: https://barometr.kg/akylduu-ajymdyn-syrlaryn-bile-zhrz



Добавить комментарий