Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды

28 апрель 2022 14:11 1558 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган. 

Учурда министрлер кабинетинин башчысынын ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык. 

Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-oorukanaga-zhatkyryldy



Добавить комментарий