“Акылбек Жапаровдун ден соолугу кескин нарлап, чет өлкөгө кетти” делген маалымат таркады

21 ноябрь 2022 13:58 960 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ден соолугу кескин начарлап, чет өлкөгө учуп кетти делген маалыматка президенттин администрациясы үн катты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Орунбеков бул жалган маалымат экенин жазган.

“Журналист Болот Темировдун маалыматына таянып, “Не ври” деп  аталган ютуб каналы "Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров ден-соолугу начарлап, чет өлөкөгө атайын учак менен кетти",- деген жаңылык таратты.

Аталган маалымат чындыкка дал келбейт, Акылбек Жапаровдун саламаттыгы жакшы, бүгүн эртең менен аппараттык кеңешме өткөрүп, андан соң Жогорку Кеңештеги жыйынга катышканын  билдирем. Ошону менен бирге, ушак-айыңыдарды таркатуудан алыс болууга чакырам”, -деп жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek



Добавить комментарий