Акыйкатчы аппараты: Зордукчулдан качып, 3-кабаттан кулаган кыздын ишин милиция создуктуруп жатат
Акыйкатчыга Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ кызматкерлери тарабынан иликтенип жаткан иш боюнча сотко чейинки териштирүү иштерине байланыштуу укуктук жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.
Акыйкатчынын аппаратынан билдиришкендей, кайрылууда мындай айтылат: 2019-жылдын 2-майында 1982-жылы туулган М.Э., арыз ээсинин 1988-жылы туулган кызын С.С., зордуктоого аракет кылган, жана андан качкан кыз 3-кабаттан балкон аркылуу чыгып, суу түтүгү аркылуу жерге түшүүнү каалаган. Бирок, колу түтүктөн чыгып кетип, кулап түшкөн жана көкүрөк тушунан, ичинен жаракат алып, оң тарабындагы сан сөөктөрү, сол тарабындагы согончок сөөгү сынган.
Бул факт боюнча жабыркаган кыз жана анын ата-энеси тарабынан Бишкектин Октябрь РИИБне тиешелүү арыз жолдонгон. Бул иш биринчи Октябрь РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү А. А., берилген, бирок ал шектүүнү кармап, суракка алган эмес. Андан соң иш Свердлов РИИБнин ТК кызматкери Э. И., берилген жана ал М. Э. болгону күбө катары гана суракка алып, аны камап, баш коргоо чарасын көргөн эмес.
Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, тергөөчү Э. И. жабырлануучунун 2.05.2019 ж. - 24.05.2019 ж. чейинки аралыкта 6 жолу көрсөтмө берип, арызында 2019-жылдын 2-майында М. Э. аны зордуктоого аракет кылгандыгын жазып берсе дагы ишенбестигин айтып келет.
Анын божомолунда шектелип жаткан адамдын ишти тергөөгө тоскоолдук жарата турган тааныш-туугандары бар. Муну Свердлов РИИБнин ТК тергөөчүсүнүн сотко чейинки териштирүү иштерин создуктуруп жатканы тастыктап турат.
Акыйкатчы аппараты бул арыз боюнча Башкы прокуратуранын жана ИИМдин жетекчилигине, бул ишти (№03-055-2019-005380) жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле Свердлов РИИБнин ТК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин тиешелүү мыйзамдардын нормаларын аткарбагандыгына байланыштуу объективдүү иликтөө жүргүзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылат.
Добавить комментарий ×