Тилекмат Кудайберген уулунун жубайы: Жапаров жолдошума эки жолу кызмат сунуштаганда барбай койгон

25 март 2021 15:44 1859 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген улуунун жубайы жолдошу бейкүнөө камалып кеткенин айтты. Бул тууралуу анын жубайынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Жолдошум камалгандан бери баарыбыздын ичкенибиз ириң, жегенибиз желим болду. 

Канча жолу айттык укпады. Атам, апам, мен баарылап "токтотчу" дегенибизде "жетим жесирлердин акысы уурдалып жатса, чек арада жерлерибиз кетип жатса кантип унчукпай турам. Эркек болуп кантип басып жүрөм. Кудайдын алдына барганда кантип жооп берем" деп койчу. 

Садыр Жапаров бир эмес, эки жолу кызмат сунуштаганда барбай койгонун мен алгач түшүнбөстүк менен кабыл алдым. Бирок, Тилекматтын эңсегени кызмат эмес, акыйкат, адилеттүүлүк экенин билчүмүн. 

Экөөбүз таанышкан күндөн баштап "адилеттүүлүк" деген сөздүн маани-маңызын терең түшүнүп калдым. Кыргызстандагы белгилүү эле саясатчылар бир нече жолу акча сунуштаганда "арам акчага токчулук болгончо, жокчулук болсун" деп, өзүбүз батирде жашап жатсак дагы бир канча ирээт баш тартканын көпчүлүк билбейт. 

 Жолдошум камалгандан бери апамдын көз жашы кургай элек. Тилекматтын болсо сотто "бир кадам артка чегинбейм" деген сөзүнөн биз анын жакында чыкпасын түшүндүк.

Кыргыз элимден бир гана нерсе суранам! Тилекматтын боштондугу болбосо дагы, өлкөбүздө адилеттүүлүк, акыйкаттык, мыйзамдуулук өкүм сүрүүшүнө, жетим-жесирлердин ырыскысы уурдалбасына бата кылып коюңуздар. Тилекматтын эңсегени болгону ошол", - деп жазды жарандык активисттин жубайы. 

Эске сала кетсек, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Тилекмат Кудайберген уулу алып барган.

Ошол митингден көп өтпөй эле, 15-март күнү УКМК анын фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негизде кармап кеткен. 

Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган. Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып ошол күнү ачкачылык баштай турганын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/aktivist-tilekmat-kudajbergen-uulunun-zhubajy-belgil-sayasatchylar-zholdoshuma-bir-neche-zholu-akcha-sunushtagan



Добавить комментарий