Активист Бекжан Шыгаев: "Буюрса коомчулукка бир жуманын тегерегинде желим тайказандын үлгүсүн сунуштап калышыбыз мүмкүн"

30 март 2019 11:06 3098 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Коомдук активисттердин бири Бекжан Шыгаев көк бөрү оюнуна колдонулуучу тай казанды алып салуу чечими чыккандан кийин жаңы сунуштарды киргизе баштаган эле. Ал өзгөчө сунушу менен интернеттеги баракчасы аркылуу бөлүштү. Бекжан Шыгаев тай казанды желим тайказан жасоо сунушун киргизүүдө.

Активист алдын ала даярдалып жаткан тайказандын макетин жүктөп:

"Желим тайказандын үлгүсүн чыгаруу үчүн калыпын жасоо аракети жүрүүдө. Буюрса коомчулукка бир жуманын тегерегинде желим тайказандын үлгүсүн сунуштап калышыбыз мүмкүн. Эгер желимден жасалган тайказан ойдогудай чыгып калса 6000-7000ге жетпеген доллар менен жасаса болот. Албетте бул арзан варианты. Мурунку эсептөөдө 50 000$ тегереги деп эсептеп жатканбыз. Айрыкча кеңешин берип колдогон Миңбаев Нурмухаммед агабызга, идеяга бай Досумбек Молдомусаев, Нооганов Акимге жана классташтарыма терең ыраазычылык билдирем. Биз маданий мурастарыбызды татыктуу таанытышыбыз керек. Баса, жанагы шайтанга окшош муляждын да өзгөчө вариантын жасап чыгууну пландап жатабыз. Тайказан резинадан жасалмайын көкбөрү дүйнөлүк аренага эч качан көтөрүлө албайт. Коопсуздук жаатын ишке ашырмайын бизге көкпар атаандаштык жарата берет. Бизге оюн кызыктуу болгону менен башкалар үчүн адамдын өмүрү баалуу. Сунуш пикирлериниздер болсо калтырыңыздар", -деген оюн жазып калтырды.

Буга көпчүлүк ар түрдүү пикирлерин айтышууда. Айрымдар "туура" дешип колдоого алышса, башкалар "бул кымбат болуп калат го" деген пикирлерин билдиришүүдө.

Эске салсак, көк бөрүнүн эрежеси боюнча муляж ташталуучу тайказанды алуу чечими Казакстанда кабыл алынган. Бул чечим көпчүлүк көк бөрү күйөрмандарынын ортосунда эки анжы пикирди жаратып, талкуудан түшпөй келет.

Ссылка: https://barometr.kg/aktivist-bekzhan-shygaev-buyursa-koomchulukka-bir-zhumanyn-tegereginde-rezina-tajkazandyn-lgsn-sunushtap-kalyshybyz-mmkn



Добавить комментарий