Актер Том Круз киного тартылуу үчүн космоско учат
SpaceX менен NASA актер Том Крузду тарыхта биринчи жолу космосто тартыла турчу боевик кино үчүн эл аралык космос станциясына жөнөтөт. Бул маалыматты агенттиктин директору Жим Брайденстайн дагы тастыктады.
“NASA Том Круз менен эл аралык космос станциясында тартыла турчу кинодо чогуу иштешип жатканына кубанычта. Биз үчүн жаңы муундагы инженерлер менен окумуштууларды NASA уюмунун эң ири пландарын иш жүзүнө ашырууда шыктандыруу биринчи орунда турат”, — деди Брайденстайн.
Ал ошондой эле эл аралык космос станциясында кандай кино тартыла турганын дагы тастыктаган жок. Deadline порталы жаңы тасма “Аткарылбай турган миссиянын” уландысы болбой турганын маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/akter-tom-kruz-kinogo-tartyluu-chn-kosmosko-uchat
Добавить комментарий ×