Актер Том Хэнкс коронавируска каршы дарылоодон өттү
Бөлүшүү:
Голливуд актери Том Хэнкс жубайы Рита Уилсон менен Автсралиядан коронавируска каршы дарылоодон өттү.
Актердин айтымында, алар ооруканадан чыгып, учурда карантинге киришкен.
Белгилей кетсек, актер Австралияда Элвис Пресли жөнүндө тасмага тартылып жаткан учурда коронавирус жуктуруп алганын айткан. Учурда тасма тартуу убактылуу токтотулду.
Ал эми дарыгерлер жубайлар АКШдан же Автсралияга учуп келе жатканда вирусту жуктуруп алышы ыктымалдыгын белгилешүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/akter-tom-henks-koronaviruska-karshy-daryloodon-tt
Добавить комментарий ×