Актер Том Хэнкс аялы экөө коронавируска чалдыкканын билдирди

12 марта 2020 09:09 899 Barometr
Поделиться в:
ok

Голливуд актери Том Хэнкс аялы Рита экөө коронавируска кабылганын айтты.

Ал учурда аялы менен Австралияда экенин белгилеп, алар коронавируска мүнөздүү айрым белгилерди өзүнөн байкагандан кийин анализ тапшырышкан.

“Коронавируска карата тест тапшырдык, ал вирус бар экенин көрсөттү”, — деп ал Twitter баракчасына жазды.

Эми Хэнкс аялы менен толук айыкканга чейин өзүнчө жайда кармалат.

Ал ортодо Австралиянын саламаттык сактоо министрлиги коронавируска кабылгандардын саны жүздөн ашканын маалымдады. Өлкө боюнча эң көп оору Жаңы Түштүк Уэльс штатында катталган. Учурда бул аймакта оору тастыкталган 60 киши бар.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча учурда коронавирус 100дөн ашык мамлекетке жайылды.

Кыргызстанда коронавирус катталбаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ошентсе да, оорунун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө үчүн республикалык штаб иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/akter-tom-henks-ayaly-ek-koronaviruska-chaldykkanyn-bildirdi



Добавить комментарий