Актер Рассел Кроу аз жерден өлүп кала жаздаган. "Гладиатор" тасмасындагы табышмактуу учур

7 май 2020 15:52 3206 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү голливуд жылдызы Рассел Кроу “Гладиатор” тасмасы тартылып жатканда аз жерден жолборско жем болуп кала жаздаган. Режиссер Ридли Скотт тасманын юбилейине карата айрым эпизоддордун сырын ачты. Тасмада Кроунун жолборс менен кез келген учуру бар. Эгерде жырткыч жаныбарды кармап турган кишилер аны коё бергенде актер жолборстун жеми болмок.


“Жолборс абдан чоң болчу. Мурдунан куйругуна чейин 3,3 метрди түзөт. Тасма тартуу учурунда аны эки киши такай кармап турчу”, — деди Скотт.

Тасманы тартуу маалында жолборсту коё беришкен. Бул учурда жырткыч менен актердун ортосунда болгону бир метрдей гана аралык сакталган. Эгер кишилер кармап турбаганда жолборс актерго кол салышы толук ыктымал болчу.

“Гладиатор” тасмасы беш “Оскар” сыйлыгын алган. Ал эми актер Рассел Кроу “Мыкты эркек актер” наамына татыган.

Ссылка: https://barometr.kg/akter-rassel-krou-az-zherden-lp-kala-zhazdagan-gladiator-tasmasyndagy-tabyshmaktuu-uchur



Добавить комментарий