АКШда коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилди
АКШ президенти Дональд Трамп коронавирустан улам өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизди. Мындай билдирүүнү ал Ак үйдө өткөн маалымат жыйында айткан.
“Мен өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүнү жарыялайм”, — деди ал.
Трамп өз кезегинде мындай чара штаттар менен жергиликтүү органдарга шашылыш акча бөлүү мүмкүндүгүн бере турганын билдирди.
Аны менен катар АКШда мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу жабылып, массалык иш-чараларды уюштурууга чектөө киргизилди. Ал эми G7 мамлекеттеринин лидерлери кризис боюнча виртуалдуу конференция өткөрөт.
Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШда коронавирустан 41 киши каза болгон. Ал эми оору миңден ашык кишиге жукканы расмий ырасталды.
АКШ буга чейин Европанын бир катар мамлекеттери менен болгон аба байланыштарды токтоткон. Бул өз кезегинде дүйнөлүк базардагы бааларга таасир берип, эң бай деген 20 киши бир күндө эле 78 миллиард доллардан куру жалак калган.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-koronavirustan-ulam-lkd-zgch-kyrdaal-kirgizildi
Добавить комментарий ×