Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө 78 миллиард доллардан айрылышты
Дүйнөлүк фондулук базарлардын кескин төмөндөшүнөн улам жер шарындагы эң бай 20 адам бир күндө 78 миллиард долларынан кол жууду. Бул тууралуу Forbes журналы билдирди.
Dow Jones биржасынын индекси 1987-жылдан бери кайталана элек эң төмөнкү көрсөткүчкө жетти. Коронавирустан чочулоо дүйнө базарында олку-солку абал жаратты.
Эң бай аталган Жефф Безос (Amazon компаниясы) 8 миллиард долларынан ажырады. Эми анын байлыгы 104,4 миллиард доллар. Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын ээси Бернар Арно 7,7 миллиард байлагынан кол жууду. Facebook компаниясынын башчысы Марк Цукерберг 5,7 миллиард жоготсо, Oracle компаниясынын ээси Ларри Эллисон 5,6 миллиар доллар жоготту.
Дүйнө базарларындагы бааларга АКШ президенти Дональд Трамптын коронавирустан улам Европа мамлекеттеринин тургундарына 30 күндүк чектөө киргизгени дагы шыкакчы болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-baj-adamdary-bir-knd-78-milliard-dollardan-ajrylyshty
Добавить комментарий ×