АКШ коронавирус тууралуу кино тартууну июль айында баштайт

26 июнь 2020 15:50 1664 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШда киргизилген чектөөлөргө карабастан Лос-Анджелесте коронавирус пандемиясы тууралуу кино тасма июль айынын башында тартыла баштайт. Бул тууралуу “Газета.ру” басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.

Атактуу кинорежиссёр Майкл Бэй коронавирус пандемиясы тууралуу “Певчая птица” аталышындагы кино тартат.

Учурда даярдануу иштери онлайн форматта өтүп жатат. Тартыла турган кадрларда аралык сакталып, каармандар бетме-бет турган учурлар азырынча тартылбай турганы маалым болду.

Анда 2022-жыл сүрөттөлөт. Пандемия учурундагы карантинде окуя башталат. Вирус күчөп, андан да коркунучтуу болгон учур. Башкы каарман Нико шаар боюнча товар жеткирүү кызматында иштейт (курьер). Ал ооруга каршы сейрек кездешүүчү иммунитетке ээ. Анын сүйлөшкөн кызы жаш сүрөтчү – Сара. Анда эки жаштын сүйүүсү баяндалып. Махабатынын жанында болуу үчүн, ал көптөгөн тоскоолдуктарды, анын ичинде үй-бүлөсүнүн каршылыгын жеңип чыгуусу керек болот.

Долбоордо башкы ролдорду ойной турган актёрлордун аты азырынча атала элек.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-koronavirus-tuuraluu-kino-tartyla-bashtady



Добавить комментарий