АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүдө чектөө киргизет

22 январь 2020 09:30 1383 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Ак үй жети мамлекеттин жарандарына виза берүү режимин өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.

Ага ылайык, АКШнын бийлиги январдын аягына чейин Беларустун, Эритреянын, Кыргызстандын, Мьянманын, Нигериянын, Судандын жана Танзаниянын жарандарына айрым визаларды берүүдө чектөө киргизүүнү карап чыгат. Маалыматты карай турган болсок чектөө киргизилиши мүмкүн болгон мамлекеттердин дээрлик бардыгы Африкадагы мамлекеттер. Борбор Азиядан бир гана Кыргызстан бар.

Басылманын жазышынча, чектөө киргизүү визанын ишкер, же конок деген түрүнө болушу ыктымал.

Эске сала кетсек, виза берүүдөгө айрым чектөөлөр Ирандын, Ливиянын, Сомалинин Сириянын. Йемендин, Венесуэланын жана Түндүк Кореянын тургундарына киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-kyrgyzstandyn-zharandaryna-viza-berd-chekt-kirgizet



Добавить комментарий