АКШ Кабулдагы элчиликтин кызматкерлерин чыгарыш үчүн аскер жөнөттү
Пентагон Афганистандагы АКШнын элчилигин кызматкерлерин алып чыгыш үчүн Кабулдагы аэропортту кайтарууга 3 миң аскерин жөнөттү.Бул тууралуу Defense One булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Аталган маалыматка таянсак, АКШ элчиликтин кызматкерлерин жана акыркы 20 жылдан бери Американын аскерлерине жардам берген афгандыктарды алып чыгыш үчүн кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүп жатат.
“Жөө аскерлерден турган үч батальон Кабулга 24 сааттын ичинде барат”,-деп айтты Пентагондун басма сөз катчысы Джон Кирби.
“Талибан” терроисттик кыймылынын баскычылык аракеттеринен улам АКШ Афганистандын элчилигиндеги кызматкерлеринин санын жакынкы апталарда абдан эле азайтмакчы болду.
Пентагон ошондой эле бул үчүн учактарды жөнөтүүгө дагы даярдык көрүүдө.Ошол эле маалда АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс элчилик жабылбай турганын, дипломатиялык мамилелер уланарын тактады.
Ссылка: https://barometr.kg/aksh-kabuldagy-elchiliktin-kyzmatkerlerin-chygarysh-chn-asker-zhntt
Добавить комментарий ×