Тажикстан менен Кыргызстандагы Россиянын аскер базалары талибандан улам даярдыгын күчөтүүдө
Россиянын Коргоо министрлиги Афганистандагы террористтик активдүүлүктүн Борбордук Азия аймагына жайылуу аракетине каршы туруш үчүн чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аскер ведомстовлорунун башчыларынын жыйынында Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Министрдин айтымында, буга байланыштуу Тажикстан менен Кыргызстандагы Россиянын аскер базаларынын аскердик даярдыгы күчөтүлүүдө. Борбор Азиядагы шериктештерге көмөк берилүүдө.
“Россия Афганистандын аймагына “Ислам мамлекети” террористик тобунун жоочуларынын активдүү жайгашып жатканынан кабардар болууда”,-деди Шойгу.
“Биз ал жакка ар түрдүү аймактардан, анын ичинен Ливия менен Сириядан ИГИЛдин бөлүктөрүнүн активдүү жайгашкандарын көрүп жатабыз. Биздин Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө коркунуч келе турган болсо албетте, Россия реакция кылат”,-деп айтты министр.
Добавить комментарий ×