Акматова: 144 медкызматкерине 200 миң, 21 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон компенсация төлөндү

11 сентябрь 2020 12:12 696 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азыркы учурда 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон компесация төлөндү. Бул тууралуу  коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматованын брифинг учурундагы маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бүгүнкү күндө медициналык кызматкерлерге жана коронавирус илдетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсациялык төлөмдөр уланып жатат. Ошентип, 11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон жана 21 үй-бүлөгө ар бирине 1 миллион сомдон төлөндү", - деди саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, эпидемиялык очокто кызмат учурунда турган коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу.


Ссылка: https://barometr.kg/akmatova-medkyzmatkerlerge-kompensaciyalyk-tlmdr-ulanyp-zhatat



Добавить комментарий