Медкызматкерлердин коргонуучу процедураларына өзгөртүү киргизилди
Саламаттык сактоо министрлиги медкызматкерлердин коргонуучу процедураларына өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
“Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө, медициналык кызматкерлердин кайрылууларын эске алып, коронавирус менен күрөшүп жаткан кызматкерлердин атайын коргонуучу процедураларын карап, аларга өзгөртүү киргизди. Бул өзгөртүү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңешмелерине да дал келет”, - деп билдирди коомдук Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
Ага ылайык, атайын тобокелчилик деңгээлдери бекитилди:
Эгерде курч вирустук респиратордук оорулардын симптомдору жок, чет өлкөгө барбаган, коронавирус менен ооругандар менен байланышта болбогон тобокелчилик деңгээли төмөн болгон биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, тактап айтканда: үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП кызматкерлери жана башка стационарда иштеген медкызматкерлер атайын бир жолу колдонулуучу медициналык беткап кийиши зарыл.
Тобокелчилик деңгээли орточо болгон экинчи деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине оорунун симптомдору бар жарандар кайрылган учурда, төмөнкү каражаттарды колдонуусу зарыл: респиратор, коргоочу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, коргочуу костюм же бир жолу кийиле турган медициналык халат, чепчик, колкап жана алмаштырылуучу туюк бут кийим.
Тобокелчилик деңгээли жогору болгон, коронавирус менен ооруган же ага шектүү болгон бейтаптар менен иштеген медкызматкелер, ошондой эле обсервацияда, мобилдик бригадада, тез жардам кызматында иштегендер: FFP респираторлорун, коргоочу көз айнек, бетти калкалочу калкан, коргоочу костюм, бир жолу кийилүүчү медициналык халат узун жеңи менен, беткап, алмаштырылуучу туюк бут кийим анын үстүнөн бахила кийиши кажет.
Ссылка: https://barometr.kg/akmatova-kyzyl-zonada-ishtegen-medikter-ffp-respiratorun-kijse-bolot
Добавить комментарий ×