Акциздик маркасы жок спирт ичимдиктери кармалды

27 июнь 2018 00:35 1381 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok


Евразия Экономикалык Биримдигинин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ысык-Көл областынын аймагында Кытайда өндүрүлгөн акциздик маркасы жок 200 бөтөлкөдөн ашык спирт ичимдиктер бажы кызматкерлери тарабынан кармалып алынды. Бул туурасында мамлекеттик бажы кызматынын басма сөзүнөн билдиришти. 

 Бул иш боюнча  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан берилген материялдарга ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 204-беренесинин 1- бөлүгү менен кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/akcizdik-markasy-zhok-spirt-ichimdikteri-karmaldy



Добавить комментарий