Акчанын психологиясы. Эмнеге капчыгыңызга акча токтобой жатат билип алыңыз!

7 декабрь 2022 08:11 9476 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамзат өз өмүрүндө мүмкүн болушунча ар кандай аракет менен бай жашоого жетүүгө умтулуп келет. Теориялык жактан алганда адам сүйүүсү, достугу жок жашай берет, бирок анын коомдо татыктуу өмүр сүрүшү үчүн акча каражаты керек.

barometr.kg акчага байланыштуу психологиялык макалалардын циклинде анын жок болушунун бир нече бөлүгүнө токтолот. Сиздин капчыкка акчанын токтобой жатышынын 5 негизги себебине көңүл буруңуз. Алар:

1. Акчага байланыштуу коркунучтар 

2. Акча, байлык тууралуу чектелген ой жүгүртүү 

3. Акчанын эсебин албай жоготуу 

4. Энергиянын жок болушу 

5. Жакыр адамдай ой жүгүртүү 

Акчага байланыштуу адамда кандай коркунучтар болот?

Бүгүн биз 1-себепке-коркунучтарга токтололу. Акчага байланыштуу төмөнкү коркунучтар сизде жокпу? Эгер бар болсо алар сиздин жашооңуздагы акча агымын чектеп жатканын билип алыңыз да, ошонун үстүндө иштеп ой жүгүртүүнү өзгөртүңүз. Эсиңизде болсун, жашоонун мыйзамы боюнча адам корккон нерсесин жашоосуна тартып келе берет же болбосо корккон нерсеси турмушта ишке аша берет.

Төмөндөгү акчага байланыштуу коркунучтарга көз жүгүртүңүз!

 • акчаны жоготуп алуудан коркуу 

•  акча жетишпей калат деп коркуу 

• чоң акча кармагандан коркуу 

• үй-бүлөңүз кармаган суммадан да көп акчага ээ болом деп коркуу   

•  акчам көп болсо досторумдан, тааныштарымдан, туугандарымдан четтеп калам деп коркуу 

•  акчамды уурулар алып кетет деп коркуу   

•  акча үчүн мени жазалашат деп коркуу 

•  акча үчүн мени өлтүрүп кетишет деп коркуу 

•  акчам көп болсо Кудайга жакпайт деп коркуу   

•  акчалуу болсом көп салык төлөп калам деп коркуу 

•  акчалуу болсом руханий жактан өнүгө албай жаман адам болуп калам деп коркуу 

•  акчалуу болсом ачкөз болуп калам деп коркуу 

• акчалуу болсом душманым көбөйөт деп коркуу 

•  акчалуу болсом өзгөрүп кетем деп коркуу  

•  акчалуу болсом бактысыз болуп калам деп коркуу 

• акчалуу болсом жеке жашоом бузулуп, аялым же күйөөм мени таштап кетет деп коркуу   

•  акчалууларды байларды эл жаман көрөт деп коркуу 

•  көп акча тапсам элдердин мага ичи күйөт деп коркуу

Бул коркунучтар сизге байкалбай бейаң сезимде (подсознаниеде) дагы болушу мүмкүн. Адам коомго карап түздөнөт. Анткени ал социалдык чөйрөдө жашап жатат. Бул коркунучтар вирус сыяктуу адамдан адамга жугуп бири-бирин ынандырышы да мүмкүн. Бай адамдардын өзгөчө бир сапаты- алар алдыга максат кое билип эч бир коркунучтарды ойлобой ишин кызыгып иштей бергенинде болот. Качан ишин иштеп бүткөндө акчалуу дагы, бай болгон дагы чекке жетип калышат.Демек акча табуунун биринчи душманы-бул коркунучтар экен. Тобокелге бел байлап, коркунчтарыңыз реалдуубу же жөн гана айлана-чөйрөдөн, тариябан калыптанган ынанымдарды ойлонуңуз! Балким башкача ойлонуу сизге башкача результат же натыйжа берип жүрбөсүн. Балким сиз ойлогондой эмес акчалуу жашоо таптакыр башкачадыр?

Кийинки макалаларда акча, байлык тууралуу чектелген ой жүгүртүүгө токтолобуз.

Ссылка: https://barometr.kg/akchanyn-psihologiyasyemnege-kapchygyyzga-akcha-toktoboj-zhatat-bilip-alyyz



Добавить комментарий