Акчаны көбөйтүүнүн япон ыкмасын колдонуп көрүңүз!

22 апрель 2019 09:31 7512 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Япония дүйнөдөгү эң кымбатка жашай турган өлкө экени жашыруун эмес.Бирок ошол эле маалда япондор жетишерлик бай жашашат.Көрсө кептин баары айлыкта эмес, өзүнүн каржысын туура колдонууда экен. Балким акчаны үнөмдөөнүн япон ыкмасын сиз да колдонуп көрөсүз!

Япондордун акчаны үнөмдөөсүнүн башкы эрежелери кайсылар?

1. Жумушка үйдөн тамак жасап ала баруу

Япондор канчалык гурман болушпасын аптасына бир нече ирет тамакты үйдөн жасап барышат.Бул биринчиден даамдуу жана коомдук жайларда тамактанган акчанын көп бөлүгүн үнөмдөөгө жол ачат.

2.Телефон чалганда болгону иш тууралуу сүйлөшүү   

Бул өлкөнүн көпчүлүк жашоочулары уюлдук операторлордун кошумча тейлөөлөрүнөн баш тартып, акчасын телефондон куру бекер сөздөрдү сүйлөшкөндөн үнөмдөшөт. 

3. Арзандатуу болгон кезде сатып алуу  

Япондуктар азык-түлүктү арзан сатып алыш үчүн арзандатылган тамак-аш сатып алууга аракет кылышат жана бонустук карталарды абдан көп колдонгондор дагы япондуктар болуп эсептелет.Топтолгон баллды арзандатууга колдонуу дагы бир кыйла үнөмдөөгө пайдасын тийигизет. 

4. Акчаны эсептөөнүн Kakebo системасы  

Бул система боюнча  кирешеңизди жана чыгашаңызды пландап бир ай бою андан чыкпаганга аракет кылуу кажет. Бир нече айдан кийин бул системага өзүңүз көнө баштайсыз! 

 

Ссылка: https://barometr.kg/akchany-kbjtnn-yapon-ykmasyn-koldonup-krz



Добавить комментарий