Акчаны кантип чогулта баштоо керек?

12 апрель 2022 09:50 6102 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баардык адамдар эки топко бөлүнөт деп коюшат. Биринчилери акчаны чогултат, экинчи топтогулар аны кантип жоготушту жакшы билет. Бирок иш жүзүндө аны жоготууну билген адамдар топтогонду дагы толук үйрөнүп чыгуулары мүмкүн.Эгер ошондой болгонун каалап жатсаңыз barometr.kg төмөндө акча топтоонун бир нече жөнөкөй бирок натыйжалуу ыкмаларын сунуштайт.

Табылган кирешени бир канчага бөлүү керек, алардын ичинен эң маанилүү муктаждыктарды жаба турган сумманы алып коесуз да, калганын топтогонго чогултасыз. Топтогон акчага акырын кол сала баштабаш үчүн аны атайын эсепке же болбосо картага сактоо керек.

Киреше-чыгаша 

Жеке каржыны көзөмөлдөй турган программа бар, аны телефонго орнотуп алып милдеттүү түрдө киреше-чыгашаны жазып туруу керек. Бирок эч кандай алдамай жок! Кирешелер жана чыгашаларды талдап туруу кажет. Мындан улам үй-бүлөлүк бюджетти оптимизациялап, кереги жок сатып алуулардан кутула баштайсыз.

Максатыңыз барбы?

Максатка карата гана акча топтоо стратегиясы иштейт.Бирөөлөр кымбат буюмдарга акча топтосо, башкалары масштабуу кеңири иштер үчүн акча топтошот.Сиздин максатыңыз кандай, сөзсүз түрдо максат коюп анан акча чогултсаңыз жакшы чогулат.

“Коопсуздук жаздыкчасын” түзүп коюуңуз!

 Чогултуп, чогултуп анан бир маалда эле бир окуя болот жана тапкан акчаңыз кайда кеткени билинбей жок болот. Эгерде ушундай болсо айла жок, жашоо ар кандай сюрприздерге бай деп отуруп калбай башка ыкмага өтүңүз. Бул үчүн “коопсуздук жаздыкчасын түзүңүз! Ал эмне? Бул ар кандай учурларда мисалы тойлорго, ооруп калган учурга, курбуңуздун туулган күнүнө карата өзүнчө деп акча топтоп жүрүшүңуз кажет. Мындай учурда топтоогон акчаны алып жиберүү азгырыгы азаят.

Акча жөнүндө ойлонуңуз!

Эртең менен ойгонор менен өзүңүзгө кутмандуу күн каалап жана акчаны топтоого түрткү берип жаткан максатыңызды ойлоңуз! Антпегенде кыялыңыз эч качан ишке ашып максатка жетпей турганыңызды ойлоңуз!

Сатып алып жатканда ойлонуңуз бул кадимки көндүм адатпы же бул сатып алуу сизге чыныгы кубанып алып келеби?

 Андай болсо алга! Көп акча топтоону бүгүнтөн баштаңыз!

Ссылка: https://barometr.kg/akchany-kantip-chogulta-bashtoo-kerek



Добавить комментарий