Акча сизди өзү издеп таап келе турган 7 эрежени үйрөнүп алыңыз!

10 июль 2021 13:41 4692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жумуш жок, акча жок деп жүргөн адамдарды жашоодо көп кездештиресизби? Же өзүңүз дагы иш издеп жүргөндөрдүн катарындасызбы? Же болбосо жумушуңузда жаңы кардарлар менен жаңы сунуштарды күтүп жатасызбы? Анда тезинен бул эрежелерге көз жүгүртүңүз! Бүгүн barometr.kg психологдун акча табууга көмөк боло турган ыкмаларын сунуштайт.

1-эреже.Башкаларга өзүңүздүн жасай билген нерселерди айта жүрүүдөн тартынбаңыз! 

Башкаларга, тааныштарыңызга, досторуңузга ыңгайы келгенде өзүңүздүн жасай билген нерселерди айта жүрүүдөн эч бир тартынбаңыз! Муну уккан адам кызматыңызды өзү колдонбосо дагы тааныштарына сизди сунушташы толук мүмкүн. Сиздин чеберчилигиңиз кимдир-бирөөгө сөзсүз керек болот.

2-эреже. Жумушуңду эң мыкты деңгээлде жасаңыз жана бул үчүн кошумча акы талап кылбаңыз! 

Эгерде иш кылып жатсаңыз аны мыкты деңгээлде жасаңыз. Эгер жумушуңуз азырынча жок болуп жатса, анда ким менен эмне мамиле кылып жатсаңыз аны дагы эң мыкты деңгээлде жасаңыз. Мыкты адамдар менен мыкты жумушчуларды баары бир иш берүүчүлөр издешет.

3-эреже. Өзүңүздүн кесип боюнча кандай гана сунуш болбосун макул болуңуз! 

Өзүңүздүн кесип боюнча кандай гана сунуш болбосун макул болуңуз. Бул сизди ийкемдүу болууга, тапшырык берүүчүлөр менен  сүйлөшүүгө үйрөтөт. Соңунда сизге эң башкысы кандай жумуш, кандай стилде жагарын билип, тажрыйба топтоп аласыз. Ушуга жараша өзүңүзгө жаккан ишти жасаганды үйрөнөсүз.

4-эреже.Өзүңүздүн бааңызды билиңиз!

Эгерде кардар сиздин баага, айткан суммага макул эмес болсо, бааны түшүрүүнүн кереги жок. Өз эмгегиңизди баасын эч качан кичирейтпеңиз. Кааласа тапшырык берүүчү сизден башка адамды таап алат.

5-эреже. Ар дайым кесиптик жактан өсүш үстүндө болуңуз!

Баардык адамдар жаңы нерселерди жактырат жана сиздин кардарларыңыз дагы дал ошондой адамдар. Ишиңизди жогору  профессионализмге чыгарыңыз, жаңы техникаларды, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, иш билгилигиңизди заман талабына жараша кеңейтип туруңуз. Күтүүсүз, жаңы көз караш менен өз жөндөмүңүздү сунуштаганды үйрөнүңүз. Өз ишинин мыкты адиси дайыма көп кардар менен көп акчага жетип турат.

6-эреже. Баардык адамдар менен сылык болгонго аракет кылыңыз! 

Ким менен болбосун сүйлөшүүдө көңүл буруу, камкордук, мээримдүүлүк баары бир бааланат. Сылык болуу, адамдардын, кардарыңыздын кызыккан нерсеси, үй-бүлөсү тууралуу чын дилден сурап туруу бара-бара чыныгы достукка дагы жеткириши мүмкүн.

7-эреже. Тапканыңызды өзүңүзгө дагы корото билүүнү унутпаңыз!

Өзүңүз бутка туруп, туруктуу финансылык жагдайга жетмейинче тапканыңызды оңго-солго, ашка-тойго, шеринеге, муктаж болгон жакындарыңызга чачып жүрүү акча мыйзамын сыйлабастык болуп саналат.Жакындарыңга жардам бериңиз бирок чеги менен. Эң башкысы адегенде өзүңүздүн жыргалчылыгыңызга дагы акча жумшоону унутпаңыз! Себеби акчаны сиз, жеке керт башыңызды иштетип табасыз!

Ссылка: https://barometr.kg/akcha-sizdi-z-izdep-taap-kele-turgan-7-erezheni-jrnp-alyyz



Добавить комментарий