Ак-Түздө баңгизатын колдонгон адамдын үйүнөн тапанча табылды

27 май 2019 16:40 1185 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кемин районундагы Ак-Түз айылынын жашоочусунун үйүнөн бангизат жана курал табылгандыгын Чүй облустук ИИББнан кабарлашты.

Маалым болгондой, 15-майда Кемин ИИБ Иликтөө кызматынын кызматкерлерине аталган айылдын жашоочусу бангизатын колдонору жана үйүндө курал сактай тургандыгы жөнүндө маалымат түшөт.

Бул маалымат Кемин РИИБ КЖБР АМС 267-берене боюнча катталып (Сатуу үчүн бангизаттарын, акыл-эске таасир этүүчү башка заттарды мыйзамсыз даярдоо), соттун тиешелүү чечимине ылайык, шектелген жарандын үйү тинтүүгө алынган.

Натыйжада үйдөн 110 грамм кургатылган канабис (марихуана) жана номерлери өчүрүлгөн кара түстөгү револьвер табылган.

Милиция кызматкерлери бангизаты менен курал үйдүн ээсинин 41 жаштагы баласы Т.Т. таандык экендигин аныкташкан. Тинтүү учурунда Т.Т. кайда экендиги белгисиз болгон, бирок бир аз убакыттан кийин шектүү кармалган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки материалдар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-tzd-bagizatyn-koldongon-adamdyn-jnn-tapancha-tabyldy



Добавить комментарий