Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондору жарыксыз калды. Энергетиктер көйгөйдүн түйүнүн чечти
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу кычыраган суукта Нарын облусунун үч району — Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын жарыксыз калганын айтты. Ал өкмөт башчыдан өчүрүүнүн себебин түшүндүрүп берүүнү өтүндү.
"10-январь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунда электр энергиясы өчүрүлүп, эл караңгыда отурду. Азыр кыш, чилде убагы, суук күчүндө. Анын үстүнө миңдеген жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдө электр менен жылынышат. Ошондуктан, бул электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын себептерин фейсбук аркылуу жана кат түрүндө мага жиберишиңиздерди өтүнөм", — деп жазды депутат.
Эл өкүлү жаралган кырдаал боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, жетекчилердин жоопкерчилиги каралабы деп суроо салды.
Өз кезегинде "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКы авариялык абал жөнгө салынып, мүчүлүштүктөр жоюлганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Нарын облусунун камсыздаган "Кемин — Ак-Кыя" жогорку чыңалуудагы электр линиясы 10-январда саат 18:01де авариялык түрдө өчкөн.
Текшерүү учурунда Кувакы ашуусундагы 154 менен 155-электр түркүктөрүнүн ортосундагы зым үлүгөнү аныкталган. Тийиштүү кызматкерлер аны тез аранын ичинде оңдоп, учурда Нарын облусуна электр энергиясын берүү толук калыбына келтирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-talaa-bashy-naryn-rajondoru-zharyksyz-kaldy-energetikter-kjgjdn-tjnn-chechti
Добавить комментарий ×