Ак-Сууда дайынсыз болуп жаткан 2 жана 5 жаштагы наристелердин жансыз денеси табылды
Ак-Суу районунда дайынсыз болуп жаткан 2 наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан 2 кыздын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
“Белгилей кетсек 6-июль күнү, Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н. Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн бери издөө тынымсыз жүргөн.
Кыздарды издөөгө Каракол шаардык № 15 ӨКБдөн 5 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, КР ӨКМДин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган”, -деп жазылат маалыматта.
Добавить комментарий ×