Ак-Ордо жаңы конушунун тургундарын тоноп жүргөн киши кармалды
Сокулук районунда бир нече ирет уурдоо иштерине шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
16-апрелде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Ордо жаңы конушунун бир нече тургуну кайрылып, үйлөрүнө белгисиз адам уурулукка киргени тууралуу айтып арыз беришкен.
Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасына 33 жаштагы Жалал-Абад областында туулган жаран кармалды.Анын жанында дагы бир шериги бар экени аныкталды.
16-майга караган түнүн алар дагы бир үйгө уурулукка киришип 40 миң сомдон ашык буюмдарды жана алтын жасалагаларын уурдап кетишкен.
Учурда алардын бири баардык далилдер менен колго түштү. Тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-ordo-zhay-konushunun-turgundaryn-tonop-zhrgn-kishi-karmaldy
Добавить комментарий ×