Ак үйдүн жанында уранды казып алууга каршы митинг башталды
Бөлүшүү:
Бишкекте Ак үйдүн жанында Ысык-Көл областынын Тоң районунда жана Нарын областынын Кочкор районундагы Кызыл-Омпол кенинен уран казып алууга каршы митинг башталды.
Активисттер Ак үйдүн дубалына плакаттарды жайгаштырышты, бирок милициялар объект өзгөчө күзөттө экенин айтып аларды алып салышты.
Митингге чыккандардын арасында Элери Битекчи, Өндүрүш Токтонасыров, Адиль Турдукуловдор жүргөнү байкалды.
Бул арада өкмөт “Кыргызстандагы ЮрАзия” жоопкерчилиги чектелген коомунун кенди иштетүүгө уруксат алган кагазы менен техникасын чакыртып алганын кабарлоодо.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-jdn-zhanynda-urandy-kazyp-aluuga-karshy-miting-bashtaldy
Добавить комментарий ×