Ак-Босогодо милиция окуучулар менен зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча сүйлөштү

25 февраль 2020 17:32 771 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын калкты кабыл алуу көчмө пункту кезектеги эл менен жолугушуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Н. Адылова, ИИМдин КККнын башкы инспектору милициянын полковниги Т.Алижанов жана ИИМдин КККнын инспектору Б.Мажикеевдердин катышуусунда өткөрүлүп, эл менен жолугушуу Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Ак-Босого жаңы конушунда уюштурулду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө калк ичинде ар кандай зордук-зомбулук аракеттерин, үй-бүлөөлүк зомбулук жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук- зомбулуктарды алдын алуу аталышындагы маектешүү, түшүндүрүү иштери жеринде уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында аталган жаңы конушта орун алган № 81 орто мектептин 8-классынан 11-классына чейинки окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Алдын алууга багытталган иш-чарада “Менин участкалык инспекторум” деген аталыштагы уюлдук тиркеме тууралуу маалыматтар берилип, ошол эле учурда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук укук бузуучулук жаатындагы маанилүү маектешүүлөр жана айтылган темага ылайыкташкан монологтор мектеп жамаатынын жана окуучуларынын жардамы менен балдарга жана ата-энелерге көрсөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-bosogodo-koopsuzduk-kyzmatynyn-kyzmatkerleri-el-menen-zholugushtu



Добавить комментарий