Айзура Иманалиева: Апаң Гүлбүбү Ороскул кызы салып жаткан үй эмне болду деп сурагандар көп

15 апрель 2021 11:55 2529 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маркум ырчы Гүлбүбү Ороскул кызы менен айтылуу акын Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзура Иманалиева апасы баштап, бүтүрө албай кеткен үйдү толук бүтүп, жакында жаңы конушка көчөрүн айтты. Бул тууралуу Айзура айымдын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бул дүйнө менен эрте коштошуп кете берген эки таланттын кызы Айзура Иманалиеванын айтымында, көпчүлүк элдерге апасынын жаңы салып жаткан үйү кимге калары кызык болуп жаткандыктан, жооп берип коюуну туура көргөн.

“Учурда биз жашап жаткан көп кабаттуу үйдөгү батирди сиңдим Сезим турмушка чыкканда сеп катары бергенбиз. Ошондуктан, батир апамдын Сезимге калтырган белеги.  

Ал эми, жер үйдү апам каалагандай кылып бүтүрө албасак да, тапкан-ташыганыбызды чаптап жатабыз. Эң өкүнүчтүүсү апам үйдү салып, баарын таап, эми жаңы үйгө жашарына аз калганда каза болуп калганы.

Буюрса, жакын арада жер үйгө биз көчөбүз. Ушуну менен көпчүлүктү түйшөлткөн суроолорго жооп бердим деп ойлойм”, - деп жазды Айзура Иманалиева.

Эске сала кетсек, Сезим жана Айзура Иманалиевалардын атасы Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн. Акын каза болгон учурда коронавирус илдети күч алып турганына карабай миңдеген мекендештерибиз улуу залкар менен коштошуу зыйнатына келишкен. Кыргыздын өнөрлүү уулу болгону 42 жаш курагында бул дөйнө менен кош айтышкан.

Ал эми, апасы белгилүү ырчы, "Сармерден" долбоорунун "шайыр жеңеси" Гүлбүбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябры күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал болгону 40 гана жашта болучу.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzura-imanalieva-apa-glbb-oroskul-kyzy-salyp-zhatkan-j-emne-boldu-dep-suragandar-kp



Добавить комментарий