Айжамал Кабылованын жамбашын чайпап бийлеген видеосу интернетте талкууга түштү
Ырчы Айжамал Кабылова тойдо бийлеген видеосун көпчүлүктүн суранычы менен жүктөлдү-деп жеке баракчасына киргизген. Интернетте ырчынын жамбашын чайпап бийлегени көпчүлүктүн талкуусуна түштү. Бул тууралуу ырчы:
"Менимче бийдин уяты жок, сахнада болобу, элдин арасында болобу баары жүрөктөн чыгып жаткандан кийин бул видео бирөөлөрдүн өтүнүчү менен жүктөлдү"-деп жазган. Бирок, ырчынын күйөрмандары ашыкча шалактап бийлеп кеттиң, жарашпай калат экен, мурда баалачу элем, акыркы күндөрү жакпай баратасың"-деп билдирүү калтыргандар көп болду. Ырчы айым ар бир билдирүү калтырган күйөрманына жооп берип, "Мен эмне кылышты эч кимден сурабайм, ар ким өзүнүн жумушун билсин!"-деп кескин түрдө жооп жазды.
Добавить комментарий ×