Айымдар жолдошунун көңүлүн өздөрү муздатып алышат
Кээ бир аялдар үйдө өзүн гана кыйын сезип, болуп жаткан нерселерге өзү чечим чыгарып, баардыгын өзүм эле жасап жатам деп түшүнүшөт. Бирок, ушул кыялдары же жаман сапаттары, ою менен сүйктүү күйөөлөрүнүн көңүлүн таптакыр калтырып муздак сезимди өздөрү пайда кылып алганын билбей калышат.
Урматту айымдар жок дегенде бул төрт кеңешти көңүлүңүзгө түйүп алыңыздар.
Айтканыңызды бербей өжөрлөнбөңүз, күйөөңүздүн чечим чыгаруусуна мүмкүнчүлүк бериңиз!
Күйөөңүздү башка ийгиликке жетишкен эркектер менен салыштырып мээсин жей бербеңиз!
Балдарыңызга тиешелүү маселелерди түгөйүңүзгө да айтып, кеңешип туруңуз, ал өзүн чоочун адам сезип калбасын!
Эгер кызганчаак болсоңуз, кызганууга сөзсүз шылтоо табасыз. Ишенгенге аракет кылыңыз!
Ссылка: https://barometr.kg/ajymdar-zholdoshunun-kln-zdr-muzdatyp-alyshat
Добавить комментарий ×