Айымдар үчүн эч ойлонбой таштай турган 13 нерсе

19 октябрь 2022 08:25 5967 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аязаты кээ бир нерсени бир убакта пайдасы тийип калат деп үйүнө үйүп-жыйып алган учурлар көп кездешет. Бирок эч аеосуз таштай турган нерселер бар. Бүгүн barometr.kg сиздерге алар тууралуу маалымат берет.

1. Эски косметика

Мөөнөтү өткөн тушту, пудраны же дагы бир косметиканы кереги тийип калат деп сактоонун ордуна эч аянбай туруп ыргатканыңыз жөн.

2. Эски мочалка  

Мочалкалар үйдөгү эң кир буюмдардын бири, анткени анда бактериялар көбөйүп турат. Аларды мүмкүн болушунча тез-тезден алмаштырып эскилерин ыргытып турбасаңыз тери ооруларын кабыласыз.   

3.Эски күндөн коргоочу крем  

Мөөнөтү өтүп кеткен кремдин кереги жок жана ал натыйжа бербейт, аны сактоо мөөнөтү үч жылдан ашпайт. 

4. Эски дарылар

Мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды сактап алган аялзаты дагы бар, бул  пайдасыз жана байкабай үй-бүлөдөгүлөрдүн бирөө ичип алышы дагы мүмкүн. Айрыкча антибиотиктер зыяндуу. Ошондуктан аптечканы карап мөөнөтү өткөндөрүн дароо ыргытыңыз.

5. Эски журналдар, гезиттер

Алардын маалымат берүүгө эч пайдасы жок.

6. Эски идиш-аяк

Айрыкча эскирген желим идиштер ден соолукка зыяндуу, аларды көп колдонбой ыргыткан жөн.

7. Эски бут кийим

Албетте эскирип кийилбей калган же модасы өткөн бут кийимден эч ойлонбой коштошконуңуз жөндүү.

8. Эски тиш щетка

Дарыгерлер ар бир үч ай сайын тиш щетканы алмаштырып турууга кеңеш беришет.Эгерде щетканын кылдары ар кайсы жакты карап саксая баштаса токтоосуз ыргытып жаңысын сатып алыңыз.Ага чейин деле ыргытсаңыз андан дагы жакшы.

9. Кийилбей турган кийимдер

Көп убакыттан бери кийбей турган кийимдерди таштаган жөндүү.

10. Муздаткычтагы эскирген тамак-аштар

Кантип эле деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок айрым айымдар көп күн өтсө дагы эски тамак-аштарды дагы муздаткычка сактап алып, колдонушат. Аларды колдонуу ден соолукка өтө эле зыян алып келет.

11. Эски көз линзалары

Линзаларды үч ай сайын жаңылап турууну дарыгерлер кеңеш беришет.

12. Специялар

Эскирген специяларды тамак-ашка кошуу, жашылчаларды уруктарын төрт жылдан ашык сактоо болбойт.

13. Баардык колдонулбай турган нерселер

Баардык көп убакыттан бери колдонулбай, модасы өтүп, колдонууга практикалык жактан жарабаган кийимдер, буюмдар менен эч аянбай туруп коштошуңуз. Мейкиндигиңиз кеңейип, үйдө аба көбөйө түшкөндөй бир жакшы сезимге кабыласыз. Албетте бир аздан кийин жаңысыз сөссүз аласыз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajymdar-chn-ech-ojlonboj-tashtaj-turgan-13-nerse



Добавить комментарий