Айылдык кыздын укмуш +18 статуясы коюлду, мурдагы өкмөт башчы келди (видео)

11 октябрь 2021 12:56 1642 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Италиянын Салерно шаарында аялдын укмуштуудай сексуалдуу статуясы орнотулду. Бул бедиз бат эле элге таанымал болуп, анын ачылыш  салтанатына Италиянын мурдагы өкмөт башчысы Джузеппе Конте келди. Бул тууралуу Fanpage.it булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган бедиз 1857-жылы жазылган Луиджи Меркантининин La Spigolatrice di Sapri деген ырына негизделген. Анда Италиянын алгачкы социалисттик жана анархисттик ойчулу Карло Писакан сүйүп калган айылдык карапайым кыз тууралуу баяндалган.

Писакан Неаполитандык королдукка революция уюштураарда киши колдуу болуп каза тапкан. Бул статуяда анын жакшы көргөн кызынын элеси чагылдырылган.

Бирок италиялыктар “жөнөкөй айылдык кыздын образы бир топ эле сексуалдуу болуп калыптыр” дешип социалдык тармактарда талашып-тартышууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajyldyk-kyzdyn-ukmush-18-statuyasy-koyuldu-murdagy-kmt-bashchy-keldi-video



Добавить комментарий