Көз тийдиби? 16 жаштагы сулуу кыз эки жылда кемпирге айланып калды (видео)

8 октября 2021 21:53 6869 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Филиппиндин тургуну Райзель Калаго болгону 16 жашта бирок, ал сейрек кездешчү прогерия оорусу менен жабыркап абдан эле улуу көрүнүп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Сулуулук конкурстарына дагы катышып жүргөн жапжаш кыз болгону эки жылда улгайган аял болуп калды. Аны адамдар чоң эне экен деп ойлошот.

Флиппиндик кыз адегенде денесине кызарган, кычышкан тактар пайда болгондо дарыгерге кайрылган. Алар аны курт-кумурска чагып алгандан улам аллергия болгонсуң деп жөнөтүшкөн. Бирок кыз ушундан соң өзүнүн терисинде бырыш пайда болгонун көргөн.

Ага дары беришсе да болбой териси картайюуда.

“Эмне үчүн мындай болгонун билбейм, ал кандай сулуу кыз эле. Кичинекейинен эле татынакай болчу”,-дейт кыздын апасы 36 жаштагы Джоэла.

Кыз курбулары менен кошулбай, көчөгө бет кап тагынып анан чыгат жана абдан уялат, баарынан дагы мурдагы келбетим кайра келсе экен деп тилейт.

Прогерия оорусу сейрек кездешчү оору жана ал териде бырышты пайда кылып, бойдун өсүшүн токтотот, ошондой эле жүрөктүн иштешин бузат.

Ссылка: https://barometr.kg/kz-tijdibi-16-zhashtagy-suluu-kyz-eki-zhylda-kempirge-ajlanyp-kaldy-video



Добавить комментарий