Айтбекова атасы менен уулун тааныштырды (Сүрөт)
Жакында гана атасы менен жолуккан алып баруучу Назира Айтбекова, эми атасы менен уулун тааныштырды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Жакында гана өз атасын таап, аны менен жолугуп келген Назира Айтбекова, атасы менен тун уулун тааныштырды. Алардын сырдашканын, эркелешкенин көрүп сүйүнгөнүн билдирди.
“Кызым келет деп үйүн жыйнап, актап, сырдап күтүп жүрүптүр. Ал да мага окшоп, мени тапкандан бери жер баспай учуп, мага окшоп кыял менен жашап, мага окшоп жашоосуна маңыз кирип калган тура! Ичимдиги, чылымы жок жапжаңы жашоо баштап, өзүн коёрго жер таппай, сүйүнүчтү жандап алыптыр. Жолдон баламды айылдан алдым. Кокусунан кирип бардым. Атамдын кубанганынан тегеренгени, ай. Эки түн тынымсыз сырдаштык. Апам экөөнүн жаштыгын, сүйүүсүн угуп жыргадым. Атам ал окуяларды өзгөчө сүйүүсү, сагынычы менен айтып берди. Алардын жаштыгын таптак элестетип жыргадым. Атасы жок чолок болчумун. Майып болуп жан дүйнө майышып турчумун. Аталуу болуп, ааламым толукталып, эки буттап бекем туруп, артымда таянычты сездим. Үнүм өктөм чыгып, каткырсам, каткырыгым жарашып калды. Небереси мурдуна мурдун тийгизип, эркелегенде элжиреп да, ээрип турдум. Үч адамдын кыялын аткардым. Атам кызы, небереси менен жолукту. Кызы атасы менен сырдашты, дүйнөсүн ачты. Небереси таяталуу болду. Кичинекей, жөнөкөй үйдө үч адам болуп көрбөгөндөй бакытка бөлөндү”, - деп билдирди Айтбекова.
Белгилей кетсек, 4-июлда Айтбекова 22 жыл көрбөгөн атасын таап, аны менен жолукканы тууралуу айткан эле.
Ссылка: https://barometr.kg/ajtbekova-z-atasy-menen-uulun-taanyshtyrdy-srt
Добавить комментарий ×