Назира Айтбекова 22 жыл көрбөгөн атасын тапты (Сүрөт)
Алып баруучу Назира Айтбекова 22 жыл көрбөгөн атасын тапты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.
«22 жыл көрбөгөн атамды издеп бардым. Күйөрмандарым "Атаңыз балама сабак берет" деп жазып турушчу. Алардан даректи алдым дагы жөнөдүм. Жанымдагы эки досум "Көзү тирүүсүндө көрүп, сүйлөшүп кал!» деп жатышты. Бир эсе титиреп, бир эсе кооптонуп, бир эсе толкунданып бараттым. "Атаң жаман" сөзүн көп укканым менен ал мен үчүн болуп көрбөгөндөй мыкты болчу! Сыртымдан билгизбегеним менен ичимде сагынып, куса болуп жүрдүм. Балачагымда бул күнүмдү аябай күтчүмүн. Маңдайына чыгып алып, таарынып, жектеп, урушуп атканымды элестеттим далай. Ал менин келеримди билген эмес. Күйөрманым менен чалыштым да, башка шылтоо менен чакырып чыкты. Мени күтпөгөн жаны өңү бузулуп, титиреп чыкты атам. Жайдары учураштым. Ичимде кыпындай да таарыныч жок, урушкум да келген жок.-Кызым, балмуздак алып берейин? - деди. А мен ага кийим алып бердим. Ичим кадимкидей бошоп, 22 жыл кармап жүргөн таарынычым кеткендей, жыргап бараттым. Ата - энени же баланы тандоого мүмкүн эмес экен. Алар да пенде. Кечирбей кайда барабыз? Кечирдим», - деп жазган Айтбекова.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-22-zhyl-krbgn-atasyn-tapty-srt
Добавить комментарий ×