Айтбекова: "Капалансам эле өлгөндөр тирилип, өкмөт оңолуп кетпейт"

20 июль 2020 14:20 2040 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова мындан аары башкаларды сындап, кайгырып отурбай турганын билдирди. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Атактуу алып баруучу Назира Айтбекова бирөөнү сындасыгы келбей калганын, өзү да идеалдуу эмес экенин жазып чыкты.

“Бирөөнү сындагым келбей калды. Анткени өзүмдүн төгөрөгүм төп келишип аткан жери жок. Пенделик кылам. Жаңылам, жазам. Бул үчүн өзүмдү да күнөөлүү сезбейм. Адам жаңылуу учурунда көптү үйрөнөт. Ушактын уусу өзүңдү гана кемирээрин билдим. Ошон үчүн бирөөнү кеп кылгым да, жектегим да келген жок. Кайгыга батып, кабыргамды майыштыргым да келбей эле. Капалансам эле өлгөндөр тирилип, өкмөт оңолуп, өкүрүк өлкөнү өрчүтүп, гүлдөтүп жиберберин түшүндүм”, - деди Айтбекова.

Ошондой эле алып баруучу ызааланып турса да ыйлагысы келбей калганын айтат.

“Ызаага батып, ыйлагым да келбей турат. Ыйласа көздөр, ыр болуп сөздөр чыкпасын туйдум. Тирүүлөрдүн тирилерин уктуңар беле? Ар бир адатын, кылыгын - жоругун автоматташтырып алып адамдар тирүүлөрдүн өлүгү болуп жүрө берерибизди билдим. Программа түзүп алып, денең тирүүчүлүктө жашайт. Көкүрөгүң уйкуда болот. Тагдыр силкигенде гана бир ойгонуп, жашоо тынчыганда кайра уктаган макулуктуктан арылып, ойго жүргөндү үйрөнө албай аткандардын катарындамын”, - деп жазды алып баруучу.

Ссылка: https://barometr.kg/ajtbekova-kapalansam-ele-lgndr-tirilip-kmt-oolup-krk-lkn-rchtp-gldtp-zhiberberin-tshndm



Добавить комментарий