Айсулуу Тыныбекова кытайлык спортчуга ири эсеп менен жеңилип калды

3 февраль 2023 18:04 2203 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Хорватияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Учурда, Хорватияда Zagreb Open рейтингдик турнири өтүүдө. 

Тыныбекова бүгүн, 3-февралда 62 килограммга чейинки салмак ченинде старт алды. Кыргызстандык балбан кыз 1/16 финалдык баскычтан баштап, анын атаандашы Кытайдын спортчусу Сяожюан Луо   болду. Тилеке каршы, кытайлык балбан кыз 10:4 эсебинде жеңишке жетип, 1/8 финалга өттү.  

Белгилей кетсек, аталган турнирге Айсулуу Тыныбековадан сырткары Айпери Медет кызы да катышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-kytajlyk-sportchuga-iri-esep-menen-zheilip-kaldy



Добавить комментарий